Маалыматтарды өчүрүү
2026-жылдын 29-октябрындагы редакция
Instagram менен Facebook‑ту MedDesk‑тен кантип ажыратуу жана Meta аркылуу алган маалыматтарыбызды кантип өчүрүү керек. Бул кандай маалыматтар экени купуялык саясатында айтылган.
Клиникага: Instagram же Facebook‑ту ажыратуу
MedDesk‑те «Настройки → Мессенджеры» бөлүмүн ачып, Instagram же Facebook карточкасындагы «Отключить» баскычын басыңыз. Meta тараптан да болот: MedDesk‑ти Instagram же Facebook жөндөөлөрүндөгү туташкан колдонмолордун тизмесинен өчүрүңүз.
Ажыратылгандан кийин:
- биз дароо билдирүүлөрдү алууну токтотуп, кирүү ачкычын өчүрөбүз;
- клиниканын компьютерине али жете элек билдирүүлөр биздин серверден эң кечи 14 күндүн ичинде өчүрүлөт;
- MedDesk‑те мурунтан бар кат алышуу клиникада калат.
Ошол кат алышууну жана анын бизде сакталган көчүрмөсүн да өчүрүү үчүн support@meddesk.kg дарегине клиниканын келишимде көрсөтүлгөн почтасынан же телефонунан жазыңыз. 30 күндүн ичинде өчүрүп, кабарлайбыз.
Клиникага жазгандарга
Клиника менен кат алышууңуз клиникада сакталат, ошондуктан маалыматтарыңызды клиника өчүрө алат — клиникага кайрылыңыз. Эгер кимге кайрылууну билбесеңиз же клиника жооп бербесе, support@meddesk.kg дарегине жазыңыз: клиниканы жана Instagram же Facebook аккаунтуңузду көрсөтүңүз. Суроо-талабыңызды клиникага жеткирип, 30 күндүн ичинде жооп беребиз.
Эгер MedDesk Meta жөндөөлөрүндө өчүрүлсө
Meta бизге бул тууралуу кабарлайт, жана биз маалыматтарды программада ажыраткандагыдай эле өчүрөбүз.